Жалал-Абадда жол кырсыгынан үч адам каза тапты

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа менен Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшүп, үч адам каза тапты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 28-ноябрда саат 01:00дөр чамасында болгон. Кыла айылында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгинде токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү оор жук ташуучу унаанын артынан келип сүзгөн. Анын кесепетинен үч адам мерт кеткен.

Учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты