Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 05:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жерине куткаруучулар тартылган. Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.

Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты