Жалал-Абадда жоголгон жаранды издөө иштери уланууда
- 2 года мурун
Жалал-Абадда жоголгон жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 9-январда саат 07:30 баштап Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 36 куткаруучу, 15 ИИМ кызматкери, 5 мэриядан жана 6 туугандарынан болуп жалпы 62 адам тартылды. Издөө иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закиров жетектеп, 4 дрон (2 чоң жана 2 кичине дрон) жана спутник байланыш колдонулат. Куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну М.Д. (1978-жылы туулган) Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.




