Жалал-Абадда жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Жалал-Абадда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 04:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Сузак районунун Калмак-Кырчын, Саты, Урумбаш, Таран-Базар, Жоон-Күнгөй, Канжыга айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү