Жалал-Абадда жамгырдын кесепетинен турак жайлардын короолорун суу каптады
- 5 месяцев мурун
Жалал-Абадда жамгырдын кесепетинен турак жайлардын короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Жалал-Абад шаарында жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар кабар түшкөн.
Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси майор Маматкулов баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.
Муну бөлүшүү