Жалал-Абадда жайлоодо жоголгон жаран изделүүдө
- 2 года мурун
Жалал-Абадда жайлоодо жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Таш-Көмүр шаарында дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн ИИМден 3 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилигинде 18 куткаруучу, туугандарынан 3, жалпы 24 адам жана 1 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.
Муну бөлүшүү




