Жалал-Абадда уурулук боюнча 4 кылмыштын бети ачылды

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда уурулук боюнча 4 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мүлк уурулуктарынын алдын алуу жана болтурбоо, уурулук фактыларына бөгөт коюу максатында, облустун аймагында 24-25-февраль күндөрү «Чөнтөк ууру» аталышындагы ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында базарларда, эл көп жүргөн жерлерде, коомдук транспорттордо жана буга чейин катталаган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде козголгон 4 кылмыш иши боюнча уурулуктардын бети ачылып, мурда бир нече жолу соттолуп издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты