Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун
Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда саат 15:15 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефон номерине Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгери телефон чалган. Анда 8-январь күнү саат 14:45 чамасында Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургунун өзүнө бейтааныш болгон 39 жаштагы жаран өз ара пикир келишпестиктен улам бутунун сан мүчөсүнө учтуу нерсе менен сайып, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1984-жылы туулган О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты