Жалал-Абадда убактылуу баш калкалап жаткан баткендиктер үйлөрүнө кайта баштады

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда убактылуу баш калкалап жаткан баткендиктер үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткендеги кырдаалдан улам Жалал-Абад облусуна эвакуацияланган 463 жарандын 50ү бүгүн өз үйлөрүнө жөнөп кетишти. Аларды Баткенге жеткизүүнү жергиликтүү бийлик колго алса, унаага кетүүчү майды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздап берүүдө. Министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Шекенов билдиргендей Жалал-Абад шаарына эвакуацияланган жарандардын бардык муктаждыктары чечилүүдө. Ошондой эле аларга медициналык, психологиялык жардамдар да көрсөтүлүп жатканын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты