Жалал-Абадда турак жайдан өрт чыкты
- 2 года мурун
Жалал-Абадда турак жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Аук айылында турак жай күйүп жатат деген маалымат саат 14:12 түшкөн. Саат 14:40та өрт чектөөгө алынып, саат 15:12 толугу менен өчүрүлдү. Күйгөн турак жайдын жалпы аянты 78 чарчы метрди түзөт.
Өрттүн чыгуу себептери такталууда.
Муну бөлүшүү