Жалал-Абадда турак үйгө чагылган түштү

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда турак үйгө чагылган түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-апрель күнү таңкы саат 04:15тер чамасында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде (көчөсү жок) жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен. Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган Б.А., 2009-жылы туулган Б.Э. (эгиз балдар) жана 2009-жылы туулган А.М. аттуу эркек балдар терезеден качып чыгышкан.

Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты