Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:57де 2 бөлүм тартылып, өрт саат 15:17де чектөөгө алынган. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты