Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, жашоочулардын документтери күйдү

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, жашоочулардын документтери күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 18- декабрда Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 10:38де чектөөгө алынып, 10:56да толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен тиричилик буюмдары жана үйдүн жашоочуларынын документтери күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты