Жалал-Абадда терек кулап бир үйдүн чатырын басып калды
- 2 года мурун
Жалал-Абадда терек кулап бир үйдүн чатырын басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөттүнүн Жой-Белент айылында 16-июль күнү кечки саат 20:00 дөр чамасында каттуу болгон шамалдын кесепетинен улам турак үйдүн үстүнө терек кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүрүгүзү үчүн Райондук ӨКБнүн 1 офицери жана 3 куткаруучусу тартылган.
Тактоо иштеринин натыйжасында Дуулатовго таандык турак үйдүн чатырына 3 даана терек кулап калагандыгы аныкталып жергиликтүү тургундардын 1 бирдиктүү эксковатор тартылып, теректер коопсуз жайга түшүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү