Жалал-Абадда сойкулук менен алектенгенге шектелген 6 жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенгенге шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 18-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында «Б» аттуу жаран сойкулук менен алектенип көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан алынган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматына жиберилген.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында, 22-апрель күнү кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде көмүскө жайын уюштуруп, сойкулук менен алектенген 6 жаран кармалган.

Алар Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургуну — М.Ч. жана 29 жаштагы С к.Ж., Ош облусунун 37 жаштагы тургүну Р к. А., 35 жаштагы К к. Н. жана 32 жаштагы К.Н. Чүй облусунун 38 жаштагы М.А. аттуу тургундары экендиги такталган.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты