Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иши жүрүүдө

  • 4 месяца мурун

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иши жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрүп, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел суусу кирген. Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылында 2014-ж.т. Э.Ж. аттуу баланы сел агызып, каза болгон. 1 турак үй авариялык абалга келген. Сел болгон аймактан 300гө жакын турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында 17-июнь күнү саат 23:30да Бишкек – Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылган. Сел суусу кирген 5 турак үйдүн ичи сел калдыктарынан толук тазаланган.

18-июнь күнгө карата жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жарандык коргоо кызматтары тарабынан тактоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумушу жүрүүдө.

Жалпы ЖК кызматтарынан жана куткаруучулардан турган 150 адам, 12 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты