Жалал-Абадда сел каптаган унаа жол тазаланууда

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абадда сел каптаган унаа жол тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттүндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, Кекилик тилкесинин Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колотордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан.

Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты