Жалал-Абадда сел көп катталган аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда сел көп катталган аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу,Авлетим,Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алды.

Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирди. Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты