Жалал-Абадда мал сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынып өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда мал сарайдан чыккан өрт чектөөгө алынып өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сузак районунун Атабков айыл өкмөттүндө жайгашкан Шайманов көчөсүндө эки кабатуу мал сарай күйүүдө деген маалымат саат 11:22де түшкөн. Саат 11:42 де аталган аймак курчоого алынып, 12:28 де толугу менен өчүрүлдү. Күйгөн мал сарайдын жалпы аянты 40 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары мал сарайда кышка камдалган тоют жана жанында токтоп турган “Daewoo Labo” автоунаасыда толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты