Жалал-Абадда өрт чыгып эки үй толугу менен күйүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 1-августта Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Токтогул көчөсүндө өрт чыгып, эки турак жай толугу менен күйүп, дагы беш үйдүн чатыры жабыркады.

Өрттөн “Мээрим” жеке клиникасы да зыян тарткан. Тилсиз жоону өчүрүүгө бир нече кызматтар тартылды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок, учурда өрттүн себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты