Жалал-Абадда облустук клиникалык оорукананын жаңы имараты курулууда

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт. Курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Маалыматта имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келгени айтылат.

Аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты