Жалал-Абадда Нарын дарыясынан жаш бала изделүүдө

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абадда Нарын дарыясынан жаш бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн таң эрте Нарын дарыясынан жаш баланы издөө иштери уланды. Ага №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 адам чыкты. Учурда 3 кайык менен изделип жатат.

Эскерте кетсек, 23-апрель күн саат болжол менен 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты