Жалал-Абадда милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Э.Ш.К Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты