Жалал-Абадда мектептин шыбы урап түштү
- 2 года мурун
Жалал-Абадда мектептин шыбы урап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык каттаган жерге куткаруучулар тартылып, куткаруу жумуштарынын натыйжасында 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылды. Жабыркагандар Ала-Буа райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү