Жалал-Абадда май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 399 чарчы метрди түзгөн курулуш материалдары жана май алмаштыруучу жай күйгөн. Саат 03:33тө өрт курчоого алынды. Өрттүн көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу кошумча күч катары «Кыргызнефтегаз» ишканасынын 2 атайын өрт өчүрүүчү автоунаасы, 5 кызматкери жана Кочкор-Ата шаардык тазалык ишканасынан 2 суу ташуучу автоунаа жана 3 кызматкер тартылды. Белгиленген аймактагы өрт саат 06:10до толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн чыгуу себептери учурда такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты