Жалал-Абадда ломбарддын ээлери кармалды

  • 6 месяцев мурун

Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз иш аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ломбарддын ээлери кыргыз жарандары 1985-жылы туулган А.С. жана 1995-жылы туулган М.Э. тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240 пайыз жылдык ссудаларды беришкен, аларга ишенип берилген адамдардын атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынгандыгы аныкталган. Бир канча убакыттан кийин келишимдердин мөөнөтү бүтөөрүн күтпөстөн, алар өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык, башкача айтканда, алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

15-январда бул кылмыш ишинин алкагында «Чынчыл күрөөкананын» ээлери: 1985-жылы туулган А.С. жана 1995-жылы туулган М.Э. кармалып, алардын жашаган жеринен тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди, азыркы убакта бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты