Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,Сузак, Аксы,Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү,сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.

Аталган үй-бүлөлөргө ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.

Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок дагыда коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты