Жалал-Абадда катуу шамал бир нече турак үйдүн шиферин учурду
- 2 года мурун
Жалал-Абадда катуу шамал бир нече турак үйдүн шиферин учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 3-июнда саат 13:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан чачындан жана катуу болгон шамалдан улам Аксы районунун Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 3 турак жайдын, 1 мал сарайдын чатырынын шиферин шамал учурду. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана ройондук ӨКБнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жабыр тарткан жарандар жок.
Муну бөлүшүү