Жалал-Абадда каракчылыкка шектүү коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

  • 2 месяца мурун

Коңшу өлкөнүн эки жараны Сузак районунда Төлөс айылынын тургунун машинасы менен такси катары пайдаланып, алты жеринен жарадар кылып, анын унаасын айдап качып кеткен аныкталган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматы билдирди.   

Бул факты боюнча 24-июлда саат 20:30 чамасында Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө (ИИБ)  Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылынын 1994-жылы туулган тургуну И. уулу Э. телефон аркылуу кайрылган. Ал каракчылардын колунан жаракат алды деген М. уулу Ж.ны жолдогу унаа менен райондук ооруканага салып жибергендигин билдирген.

Маалыматта айтылгандай, бул факты 25-июлда Сузак  райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери ооруканага барып,  аталган окуянын чоо-жайын аныктаган. Жабырлануучу М. уулу Ж. 23-июль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында бейтаныш өзбек улутундагы жашы болжол менен 24-25 жана 35-40 жаштардагы балдар такси катарында жалдашып, “Куршаб айылына ат сатып алабыз” деп айдатып барышканн. Ал жерден эч кимге жолукпай “ат саткан адам телефонун албай койду” деген шылтоо менен кайтып келишип, эртең башка жерге барып келебиз деп, анын байланыш телефонун алып, өздөрү Өзгөн шаарынан түшүп калышкан.

Эртеси, 24-июль күнү, саат 17:00 чамасында ошол эле эки киши анын уюлдук телефонундагы вотсап номерине байланышып, ага Өзгөн шаарынан жолугушуп, аны дагы такси Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барышкан. Ал жерден учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, жаракат келтирип жаткан учурда, ал каршылык көрсөтүп автоунаадан качып түшкөн. Алар  “Шевролет-Авео” универсал үлгүсүндөгү автоунасын айдап, окуя болгон жерден качып кетишкендигин билдирген.

Окуя боюнча жабырлануучу М. уулу Ж.га соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү катары коңшу мамлекеттин 1985-жылы туулган А.У. жана 1992-жылы туулган С.З. аттуу жарандары Кызыл-Кыя шаарынан мыйзамсыз чек араны бузуп качып кирүүгө аракет жасап жаткан жеринен кармалышкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу мамлекеттин 1992-жылы туулган С.З. аттуу тургуну мурда соттолуп, учурда издөөдө жүргөндүгү, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги аныкталган.

25-июлда шектүүлөр Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты