Жалал-Абадда кар көчкүдөн өтө албай жолдо калган эки адам изделүүдө

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунда кар көчкүдөн өтө албай жолдо калган эки адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин маалыматына караганда, 16-февралда болжол менен саат 01:30дар чамасында «Mercedes-Benz» спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.

«Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февралда Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты