Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп бир адам каза болду

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 22-июнда таң эрте саат 6:07де жол жээгинде автоунаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Таш-Көмүр шаарынын Бишкек – Ош автоунаа жолунун 448 чакырымында күйүүчү май ташуучу автоунаасы маркасы, өңү болжол менен ак түстөгү Вольво жолдун четине чыгып, өрттөнгөн. Жарылган унааны өрт каптап айдоочусу каза болду. Кырсык катталган жерге Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБнын өрт өчүрүүчү-куткаруучулары саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүштү. Автоунаанын жарылуусу учурда такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты