Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты