Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 03:11де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты