Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда саат 2:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон районунун Арсланбап, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 балл, Гүмкана, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты