Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январь күнү саат 22:52де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Жер титирөө Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында 3 баллга жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү