Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү саат 17:24тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты