Жалал-Абадда изделип жаткан наристенин сөөгү табылды

  • 1 неделя мурун

Жалал-Абад шаарында изделип жаткан наристенин сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан 28-сентябрда табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Жалал-Абад шаары боюнча 11 куткаруучу прапорщик Абдыкадыровдун жетекчилигинде издешкен. Ошондой эле издөөгө жергиликтүү 80 тургун, 40 милиция кызматкери тартылган.

Б.Т. аттуу үч жашар наристе 26-сентябрда жоголгону тууралуу маалымат түшүп, изделип жаткан.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты