Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды

  • 10 месяцев мурун

Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында кыздарды ар түрдүү сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүү жана сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголду. 27-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери соттун токтомунун негизинде Спутник кичи шаарчасында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. «Интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар, сутенер болуп иштеген администраторлор кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандан келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталды», — деп жазылат маалыматта. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты