Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун тогуз мүчөсү кармалды

19-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине, Сузак районунун 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу тургуну диний экстремисттик кылмыш жолуна түшкөнү маалым болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, аталган окуя боюнча Жалал-Абад облустук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан  кылмыш жаза кодексинин 331-беренеси (диний экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен кылмыш иши козголгон.

“Сузак районунда тогуз дарекке тинтүү жүргүзүлүп, 1965-жылы туулган С.Ю. аттуу жаран  “Хизбут-Тахрир” агымынын мыйзамсыз диний экстремисттик сабактары окутулуп, экстремисттик агымдарга үгүттөө иштерин жүргүзүп, жашыруун түрдө уюм түзүп жаткандыгы аныкталган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык 20 китеп, 10 DVD диск, планшет жана флешка, 9 уюлдук телефон далил буюмдар алынган.

2024-жылдын 20-июль күнү Сузак районунун 1961-жылы туулган А.А., 1962-жылы туулган Ш.Д., 1965-жылы туулган С.Ю., 1967-жылы туулган Х.С., Ш.М., У.И., 1969-жылы туулган Ш.П., 1970-жылы туулган Ю.А. жана 1972-жылы туулган А.И. аттуу жарандары кылмышка шектүү катары кармалган” деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш корго чарасы эки айга камакка алуу түрү тандалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты