Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери уланууда

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты