Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусу изделүүдө
- 1 год мурун
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусу изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери 16-май күнү кайрадан башталды. Дайынсыз болгон мектеп окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен. Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.
Муну бөлүшүү