Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жашар баланы издөө иштери уланууда

  • 8 месяцев мурун

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 2009-жылы төрөлгөн М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу 2-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришкен. Маалымат түшкөн күндөн тарта, куткаруучулар тарабынан 2-апрелден-14-апрелге чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, атасынын катынын негизинде убактылуу токтотулган. Бир нече күн изделгенине карабастан, табылган эмес. Базар-Коргон РИИБне туугандарынын кайрылган катынын негизинде бүгүн издөө иштерин улантууга Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 15 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты