Жалал-Абадда дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө иштери улантылууда

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

31-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, кошумча ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты