Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан магазин күйүп кетти
- 2 года мурун
Бүгүн, 18-августта Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынды дөңгөлөк магазинден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 06:39та курчоого алынып, саат 08:49та толук өчүрүлдү.
Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метр жана келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түздү.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү