Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду

  • 7 месяцев мурун

Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлуп, ири өлчөмдөгү афган тектүү баңгизаттар алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адамдар баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат аныкталган. Бул факт боюнча чогултулган материалдардын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги каражаттарын сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген жарандын ким экендиги аныкталды.

«18-декабрда Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1982-жылы туулган А.Н. айдап бара жаткан «Хонда Фит» автоунаасы кармалган. Текшерип кароодо автомобилдин салонунан жалпы салмагы 7 килограммдан ашык болгон 7 целлофан пакетке оролгон баңги каражаттар табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттан афган тектүү гашиш баңгизаты экендиги аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Баңгизаттарды ири өлчөмдө сатууга шектелип 1982-жылы туулган А. Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты