Жалал-Абадда баӊгизат сатууга шектүү жаран кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абадда баӊгизат сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облус аймагында “М” каймана аттуу атуул баӊгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар түшкөн.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 17-март күнү саат 23:40 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин БМЖККБ кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун тургуну 1972-жылы туулган А.У. 10 даана ширеӊке кутучасынын формасындагы кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты, 1 литрлик банкага салынган “марихуана” баӊгизатына окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган “марихуана” баӊгизатына окшогон затты тапшырган.

Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 грамм “гашиш” баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 грамм “марихуана” баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 килограмм “марихуана” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Кармалган атуул Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты