Жалал-Абадда адамды уруп-сабоого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициягы А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада “Эдик” аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен КБРге катталып, кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну 1988-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты