Жалал-Абадда 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Жалал-Абадда 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Касан-Сай сайынын ичинде 45 жаштагы Э.Ж. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Жерине Чаткал райондук 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгырып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү