Жалал-Абадда 45 үйдүн короосун сел суулары каптады

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абадда 45 үйдүн короосун сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

21-апркль саат 23:00гө карата маалымат боюнча, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен, 45 турак жайдын короолорун суу каптап, 4 турак үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды.

Учурда аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 кызматкер тартылып, тазалоо жумуштарын баштады.

Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдорду,сел өтүүчү каналдарды, коро-жайларды тазаланууда
Кошумча маалымат берилерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты