Жалал-Абадда 10 жаштагы баланын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча Токтогул районунун Бишкек – Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен.
А.Б. аттуу бала Камбар -Ата кичи шаарчасынын тургуну.

Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү максатында №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты